8-декабрь — Кыргыз телерадио кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган иш-чарада Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Коммуникация жана медиа департаментинин алдында “КУМУ – Медиа клубунун” ачылыш аземи өттү.
Социалдык иштер боюнча проректор, филология илимдеринин кандидаты Сыргак Сарыков, КӨЭАУнун Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев, Юридика-экономикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Көкөева медиа клубдун түзүлүшүн колдоп, Коммуникация жана медиа департаментинин демилгесине ыраазычылыгын билдирди.
Коммуникация жана медиа департаменти











