10-декабрда STEM колдонмо кесиптер колледжинин ЭУС бирикмесинин окутуучулары Капаралиева А.Н. жана Уларова А.К. тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 77 жылдыгына карата “Адам укуктары — ар бир адамдын тубаса баалуулугу” аттуу диспуттук аянтча уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын өкүлдөрү: Абдуллаев Сабирали Акматалиевич — региондор аралык башкармалыктын начальнигинин орун басары, Равшанов Муратаалы Равшанович — катчы-юрист, ошондой эле ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин окутуучусу Шакирбаева Бегимай Шакирбаевна катышты.
Диспуттук аянтчада адамзаттын укуктары үчүн күрөшүү, анын укуктук маңызы жана коомдогу орду талкууланып, студенттер активдүү суроолорун берип, коноктордон тийиштүү жоопторун алышты.
Студенттер тарабынан даярдалган баяндамалар окулуп, активдүү катышкандар сыйлоо баракчалары менен сыйланышты.
Иш-чаранын соңунда STEM колдонмо кесиптер колледжинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Маманов Сагынбек Базарбаевич, ошондой эле Юстициядан келген коноктор иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдиришти.
Коммуникация жана медиа департаменти



