Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Эл аралык медицина факультетинде конок лекциясы болуп өттү. Лекцияны Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин «Коомдук саламаттык жана профилактикалык медицина» кафедрасынын доценти, философия илимдеринин кандидаты Сейдалиева Мира Кошмаматовна өткөрдү.
Конок лекция «Өз ара мамилелердин негизги моделдери» темасына арналды.
Лекциянын жүрүшүндө өз ара мамиле түзүүнүн ар кандай моделдери, алардын кесиптик ишмердүүлүктөгү жана күнүмдүк жашоодогу мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле лектор практикалык мисалдарды келтирип, студенттерге теманы терең түшүнүүгө көмөк көрсөттү.
Иш-чара кызыктуу жана мазмундуу форматта өтүп, студенттер тарабынан чоң кызыгуу жаратты. Лекция талкуу жана суроо-жооп бөлүгү менен коштолуп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Мындай конок лекциялар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, кесиптик жана инсандык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Коммуникация жана медиа департаменти




