Андижан мамлекеттик университетинин делегациясы КӨЭАУда

Андижан мамлекеттик университетинин Жалпы тарых кафедрасынын доценттери: Х.Э.Кожомбердиев, А.Мамажанов, А.Г.Тургунов, А.А.Алишеров жана С.А.Собиров баштаган делегация Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине расмий иш-сапары менен келишти.
 Расмий конокторду КӨЭАУнун Эл аралык байланыштар департаментинин директору, м.и.к., доцент Чынгыз Мамажакып уулу тосуп алып, тарых-филология факультетинин деканы, п.и.к., доцент Жаннат Каденова жана окутуучулар менен биргеликте жолугушуу өткөрүштү.
 Иш-чаранын жүрүшүндө делегация мүчөлөрү Тарых жана философия кафедрасында “Совет мамлекетиндеги коллективдештирүү, ээликтен ажыратуу жана сүргүнгө жөнөтүү саясаты” темасында конок лекция өтүштү.
Жолугушуу достук мамилени бекемдеп, илимий жана академиялык тажрыйба алмашууга чоң өбөлгө түздү.
Коммуникация жана медиа департаменти