Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине (КӨЭАУ) Башкыр мамлекеттик медициналык университетинен (БММУ) турган абройлуу делегация иш сапары менен келди.
Делегациянын курамында:
– Кудашкина Наталья Владимировна — фармацевтика факультетинин деканы, фармакогнозия жана ботаника кафедрасынын башчысы, фармацевтика илимдеринин доктору, профессор;
– Мельникова Алевтина Яковлевна — БММУнун окуу-усулдук башкармалыгынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты;
– Курбанов Садырбек Абдувакасович — Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу БГМУнун Жогорку регенеративдик, көз жана пластикалык хирургия мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты;
– Ахмадеева Лейла Ринатовна — медицина илимдеринин доктору, неврология кафедрасынын профессору, БММУнун «Психология, педагогика, неврология, нейрореабилитация» илимий-билим берүү борборунун директору бар.
Сыйлуу конокторду Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жайдын ортосунда билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен илимий долбоорлор жана адистерди даярдоо маселелери талкууланды.
Өзгөчө белгилей кетсек, делегациянын мүчөсү Садырбек Курбанов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде медицина багыты боюнча билим алган алгачкы студенттердин катарында болгон.
Жолугушуу учурунда ректор Абдилбает Мамасыдыков анын студенттик жылдардагы өздүк иш кагаздары менен тааныштырып, Садырбек Курбанов окуу жайдын сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Бул учур жолугушууга өзгөчө жылуу маанай тартуулады.
Мындан сырткары, делегация №7 окуу имаратында жайгашкан медициналык колледждин жана медициналык факультеттин заманбап материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты.
Кыдыруудан кийин Садырбек Курбанов окуу имараттарындагы оң өзгөрүүлөрдү жогору баалап, университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, студенттик жылдарын жылуу сезимдер менен эскерди.
Коммуникация жана медиа департаменти




