30-октябрь күнү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин делегациясы Наманган мамлекеттик университетине расмий иш сапар менен барды.
Эл аралык байланыш департаментинин директору Мамажакып уулу Чынгызбек баштаган делегациянын курамында Тарых-филология факультетинин деканы Жаннат Каденова жана ошол эле факультеттин кафедра башчысы Мукарам Ташалиева да болушту.
Сапардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, кош дипломдуу билим берүү программаларын ачуу жана КӨЭАУда Шанхай кызматташтык уюмунун кабинетин түзүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетишилди.
Ошондой эле КӨЭАУ делегациясы Наманган мамлекеттик университетинин магистранттары жана Тарых факультетинин окутуучулук-профессордук жамааты менен жолугушуп, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен илимий долбоорлор боюнча пикир алышты.
“Наманган мамлекеттик университетинин жетекчилигине ректорубуз, профессор Абдилбает Асановичтин саламын жеткирүү менен НМУнун күндөрүн бизде, ошондой эле КӨЭАУнун күндөрүн Наманган мамлекеттик университетинде өткөрүү демилгесин сунуштадык. Буюрса, эки жогорку окуу жайдын ортосундагы буга чейин башталган байланышты мындан ары да жогорку деңгээлде улантып, маданий жана спорттук иш-чаралар аркылуу дагы да бекемдөөнү келиштик”, – деди Чынгызбек Мамажакып уулу.
Бул жолугушуу эки университеттин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.
Коммуникация жана медиа департаменти




