Гуманитардык-педагогикалык факультетинде студенттер үчүн өзгөчө жолугушуу болуп өттү. Аялдар кеңешинин төрайымы А.Ы. Шайбекованын демилгеси менен уюштурулган иш-чарага Ош аймактык медициналык колледждин директору С.Э. Юлдашева жана Faberlic компаниясынын менеджери К. Матмуратова катышып, жаштарга “Студенттердин өздүк гигиенасы” тууралуу кызыктуу жана пайдалуу лекция окуп беришти.
Жолугушууда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, баалуу кеңештерге ээ болушту. Иш-чара жаштарды дени сак жашоого үндөп, жаңы мотивация тартуулады.
Факультеттин деканы, п.и.к., доцент Ж.Т. Айтышова меймандарга терең ыраазычылык билдирди. 

Коммуникация жана медиа департаменти