1-курс студенттеринин арасында өткөн спартакиада жыйынтыкталды

Төрт күнгө созулган спорттук мелдештерде студенттер волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, кичи футбол жана баскетбол сыяктуу түрлөр боюнча күч сынашты.
Волейбол боюнча мырзалар арасында биринчи орунду Гуманитардык-педагогикалык факультети, 2-орунду Кесиптик колледж, 3-орунду Медициналык колледж, ал эми кыздар арасында 1-орунду Юридика-экономикалык факультети, 2-орунду Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультети, 3-орунду Гуманитардык педагогикалык факультети багындырды.
Мыкты көрсөткүчтөрдү жараткан командалар жана жекече оюнчулар университеттин жетекчилиги тарабынан акчалай сыйлыктар жана ыраазычылык баракчалар менен сыйланышты.
 Жабылыш аземинде университеттин ректору Абдилбает Мамасыдыков куттуктоо сөзүн сүйлөп, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, студенттерди мындан ары да спортко жана сергек жашоого үндөдү.
📸 Коммуникация жана медиа департаменти