Бүгүн, 28-ноябрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурум ийгилик ээлерин куттуктаган жагымдуу саамалык менен башталды. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия тарабынан ыйгарылган доцент окумуштуулук наамы С.К.Жусуевага жана А.К.Тентимишовага салтанаттуу тапшырылды.

Ошондой эле КӨЭАУнун ректору, профессор А.А.Мамасыдыков илим менен өндүрүштү интеграциялоого кошкон үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Ыраазычылык каты жана Кыргызстан менен Өзбекстандын академиялык байланышын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ШКУнун Өзбекстандагы Коомдук дипломатия борборунун Ыраазычылык каты менен сыйланып, жалпы жамааттын алкоосуна арзыды.

Жыйындын күн тартибине ылайык, окуу иштери боюнча проректор, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева университеттин 2024-2025-окуу жылындагы окуу-усулдук ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасады. Отчёт кеңеш мүчөлөрү тарабынан активдүү талкууга алынып, суроо-жооп жана сунуштардан кийин маалымат канааттандыраарлык деп кабыл алынды.

Ошондой эле кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Алмагул Кокоеванын 2025-2026-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча баяндамасы угулуп, байкалган артыкчылыктар жана кемчиликтер боюнча талкуу жүрдү. Кеңеш мүчөлөрүнүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен комиссиянын иши канааттандыраарлык деп табылды.
Коммуникация жана медиа департаменти



