Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов агайдын Акыл эмгегинин маданияты (АЭМ) автордук усулуна негизделген Манас шаарындагы “АЭМ” окуу борборунун окуучулары Кыргыз – Өзбек Эл аралык университети менен таанышты.
Зыяратчыларды университеттин Коммуникация жана медиа департаментинин директору Тургунбай Алдакулов жана техника илимдеринин кандидаты, доцент Өскөнбай Дилишатовдор жылуу кабыл алып, окуу жайдын потенциалы, эл аралык статусу жана таланттуу студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен тааныштырды.
“Агайлар окуучуларга КӨЭАУ тууралуу кеңири маалымат берип, кесип тандоо боюнча баалуу кеңештерин айтты. Окуучуларды мотивация жана кызыктуу белектер менен кубандырган агайларга ыраазылык билдиребиз,” деди группанын жетекчиси Эркингүл Маматова.
Кыргыз – Өзбек Эл аралык университети ар тараптуу өнүгүүнү жана мыкты кадр болууну каалаган абитуриенттерди ар дайым кучак жайып тосуп алууга даяр.




