“Жашыл мурас”: КӨЭАУда 1000 түп роза гүлдөрү отургузулду!

Президент демилгелеген “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган ректорат өкүлдөрү жана кызматкерлер башкы имараттын короосуна роза гүлүнүн төрт түрүн отургузушту. Бул жөн гана гүл отургузуу эмес — бул жаратылышка болгон камкордук, келечек муундарга жашыл мурас калтыруу демилгеси катары бааланды.
Маалыматка караганда, мындай масштабдуу жашылдандыруу иштери университеттин бардык имараттарынын айланасында улантылып, кеңири масштабда жүргүзүлөт.
Демилгени жигердүү студенттер да колдоого алып, айлана-чөйрөнү тазалоо иштерине активдүү катышышты.
Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай — бул иш-чарага Ташкент шаарынан келген окумуштуулардан турган делегация да катышып, эл аралык кызматташтыкты жана достукту дагы бир жолу бекемдеди.
Коммуникация жана медиа департаменти
Нет описания фото.
Возможно, это изображение дерево и трава
Возможно, это изображение трава
Возможно, это изображение трава и дерево