Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер арасында уюштурулган салттуу спорттук спартакиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун колдоосу менен спартакиаданын Байге фонду 225 000 сомду түзүп, спорттун стол тенниси, волейбол, шахмат, футбол, шайыр старттар жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча мелдештер өттү.
Жалпы командалык эсеп боюнча 1-орунду Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинин жамааты багындырып, 10 000 сом акчалай сыйлык, диплом жана өтмө кубок менен сыйланды.
2-орунду Билим берүү инновациялык колледжинин командасы ээлеп, 7 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана диплом тапшырылды. 3-орунга Административдик башкаруу кызматкерлеринин командасы татыктуу болуп 5000 сом өлчөмүндө акча жана диплом ыйгарылды.
Мындан тышкары, мелдештерде өзгөчөлөнгөн мыкты жана шамдагай оюнчуларга да дипломдор жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Белгилей кетсек, жеңүүчүлөр Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилиги жана Бириккен кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар, Дипломдор менен, ал эми калыстар тобуна жана жигердүү катышкан түзүмдөрдүн ар бирине 2000 сомдон материалдык колдоо көрсөтүлдү.
Иш-чара кызматкерлерди жана окутуучуларды сергек жашоо образына үндөө, жамаат ичиндеги ынтымакты жана биримдикти бекемдөө максатында университеттин жетекчилигинин колдоосу менен “Достук” спорт клубу тарабынан уюштурулду.
Коммуникация жана медиа департаменти











