Илимий-изилдөө борборунун кезектеги семинары

2023-жылдын 21-декабрь күнү КӨЭАУнун «Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-изилдөө борборунун кезектеги илимий-методикалык семинары болуп өттү.
Семинарда “Жасалма интеллект жана анын мүмкүнчүлүктөрү” деген темада ОшМПУнун информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасынын окутуучусу Ырысбаева Айсырга Алмаматовна баяндама жасап, угуучуларга жасалма интеллекттин билим берүүдөгү колдонулуштары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалыматтарды берди.
Семинар суроо-жооптор жана кызыктуу талкуулар менен коштолду.
Семинардын аягында А.А.Ырысбаевага илимий борбордун директору Т.Э.Исаков КӨЭАУнун ректору, профессор А.А.Мамасыдыковдун атынан “Ыраазычылык баракчасын” тапшырды.