КӨЭАУнун Билим Берүү Инновациялары Колледжинде студент кыздардын чыгармачылык дараметин, маданиятын жана коомдогу ордун даңазалаган “Өнөрлүү кыз – келечектин күзгүсү” аттуу сынагы болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты – студент кыздардын билимин, өнөрүн, чыгармачылыгын, улуттук баалуулуктарды сактоо маданиятын жана командалык ынтымагын арттыруу болду.
Иш-чарага КӨЭАУнун Аялдар кеңешинин төрайымы Арынова Айгүл жана колледждин Аялдар кеңешинин төрайымы катышып, студент кыздарга дем-күч берип, ийгилик каалашты.
Конкурс төмөнкү турлар боюнча өткөрүлдү:
1-тур: “Биздин команда”
Ар бир команда өзүнүн атын, ураанын жана курамын тааныштырып, биримдик менен чыгармачылыгын көрсөттү.
2-тур: “Конок тосуу маданияты”
Катышуучулар кыргыз элинин меймандостук салтын чагылдыруу менен, алдын ала даярдап келген даамдары жана дасторкондун жасалгасы тууралуу тааныштырышты. Бул турда улуттук баалуулуктар, көркөм жасалгалоо жана сүйлөө маданияты бааланды.
3-тур: “Сырткы көрүнүш – Заманбап студент кыз”
Бул бөлүктө кыздар заманбап, бирок тарбиялуу образды сунуштап, өз кийим стилин түшүндүрүштү. Ошондой эле ар бир командадан экиден катышуучу улуттук чач жасалгалоо үлгүсүн көрсөтүп, салт менен заманбаптыкты айкалыштыра алышты.
4-тур: “Үй кожейкеси”
Ар бир командадан бирден кыз камыр жууруу ыкмасын көрсөтүп, жемиштерди кооз жасалгалоо жана топчу тигүү боюнча чеберчилигин далилдеди. Бул турда кыздардын турмуштук даярдыгы жана эпчилдиги бааланды.
5-тур: Суроо-жооп
Командалар билим деңгээлин жана командалык иштөө жөндөмүн көрсөтүп, берилген суроолорго ыкчам жана так жооп беришти.
6-тур: “Кырдаалдан чыгуу”
Катышуучуларга турмуштук кырдаал сунушталып, алар бир мүнөт ичинде чечим кабыл алып, мини-сценка аркылуу сахналаштырышты. Бул турда тапкычтык, логикалык ой жүгүртүү жана чыгармачылык өзгөчө бааланды.
7-тур: “Трендден калбай” (күлкү менен)
Бул бөлүктө командалар заманбап жашоодогу кызыктуу көрүнүштөрдү юмор аркылуу чагылдырып, көрүүчүлөргө көтөрүңкү маанай тартуулашты.
8-тур: Жыйынтык сөз
Ар бир команда “Биз үчүн бул конкурс…” деген темада өз ойлорун бөлүшүп, конкурстун алар үчүн маанисин белгилешти.
Жыйынтыктоочу бөлүктө калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктап, атайын номинациялар ыйгарылды. Катышуучулар грамоталар жана белектер менен сыйланышты.
Иш-чара жогорку уюшкандыкта, ынтымактуу жана майрамдык маанайда өтүп, студент кыздардын ар тараптуу өнүгүүсүнө чоң салым кошту. “Өнөрлүү кыздар” конкурсу колледждин тарбиялык иштеринин маанилүү бөлүгү болуп, жаш муунду улуттук баалуулуктарды урматтоого, билимдүү жана маданияттуу болууга үндөдү.
Коммуникация жана медиа департаменти




