Мугалим — коомдун дарыгери» аттуу таймаш ийгиликтүү өттү

 Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин
Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинде Педагогика жана психология кафедрасынын демилгеси менен «Мугалим — коомдун дарыгери» аттуу таймаш уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты — мугалим кесибинин коомдогу өзгөчө ордун даңазалоо, жаш муундун педагогикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү, ошондой эле студенттерди биримдикке, ынтымакка жана руханий баалуулуктарга үндөө болуп саналат.
Таймаш төрт команда арасында өтүп, катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча күч сынашты: саламдашуу, сахналык көрүнүш, видеоролик жана суроо-жооп бөлүгү, ошондой эле музыкалык номерлер.
Командалардын чыгармачылык жөндөмдөрү, билими жана даярдыгы калыстар тарабынан жогору бааланып, мыкты деп табылган командаларга атайын сыйлыктар тапшырылды.
Бул иш-чара мугалимдик кесиптин наркын көтөрүүгө жана келечек муундардын педагогикалык баалуулуктарга болгон мамилесин чыңдоого багытталды.
 Коммуникация жана медиа департаменти