«Достук» чыгармачыл жаштар борборунун 10 жылдыгына карата таланттуу студенттердин ырлар жыйнагы чыгарылат

 Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин «Достук» чыгармачыл жаштар борборунун таланттуу студенттери тарабынан «Гүл жыттанган сезимдер» аталышында концерттик кече өттү. Иш-чара чыгармачылыкка кызыккан студенттердин башын бириктирген “Достук” борборунун ийгиликтерин даңазалоо максатында 10 жылдыктын алкагында уюштурулду.
Кечени университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, «Достук» борбору ар түрдүү адистикте окуган, бирок чыгармачылыкка кызыккан таланттуу жаштарды бириктирип, алардын талантын өстүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгиледи. Ошондой эле борбор жаштардын демилгеси жана каалоосу менен өнүгүп жатканын баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө борбордун активдүү мүчөлөрү ардак грамота жана ыраазычылык баракчалар менен сыйланып, ал эми Бириккен кесиптик бирлик комитетинин атынан «Достук» чыгармачыл жаштар борборуна ыраазычылык баракча жана акчалай сыйлык тапшырылды.
 Майрамдык кечеде окуу иштери боюнча проректор, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева, Бириккен кесиптик бирлик комитетинин жетекчиси Шералы Эгембердиев, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Сыргак Сарыков жана аялдар кеңешинин төрайымы Айгүл Арынова да студенттерди куттуктап, алардын чыгармачылык ийгиликтерине тилектештигин билдиришти.
Ошондой эле кечеде Эл аралык байланыштар департаментинин директору Чынгызбек Мамажакып уулу жана Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев сахнага чыгып, өздөрүнүн автордук чыгармаларын аткарышып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
 Белгилей кетсек, «Достук» чыгармачыл жаштар борбору 2016-жылы түзүлгөн. Борбор негизделгенден бери 500гө жакын таланттуу жаштар тарбияланып, алардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө ар кандай мамлекеттик жана коомдук мекемелерде эмгектенип келишет. Борбордун негиздөөчүсү — Сыдык Апиш уулу, ал эми учурдагы жетекчиси — Сүйөрбек Таштемиров.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, студенттер ыр окуп, жандуу үн менен ырдап, бий бийлеп, өздөрүнүн чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулашты.
 Кеченин соңунда университеттин ректору Абдилбает Мамасыдыков таланттуу студенттердин чыгармаларын чогултуп, алардын ырларын камтыган атайын жыйнак чыгаруу демилгесин көтөрдү. Бул сунуш жаштар тарабынан зор кубаныч менен кабыл алынып, чыгармачылыкка болгон кызыгууну дагы да арттырары белгиленди.
Белгилей кетсек, «Достук» чыгармачыл жаштар борборунун чыгармачылык кечеси университетте жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келет.
Коммуникация жана медиа департаменти