Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Табигый билим берүү жана окутуунун усулу кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Урайымов Нурмамат Жапаравич баштаган профессордук-окутуучулар курамы Андижан мамлекеттик университети менен түзүлгөн эки тараптуу кызматташтык келишиминин алкагында иш сапар менен барып келишти.
Иш сапардын негизги максаты — тажрыйба алмашуу, конок лекцияларды өткөрүү жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү болду. Сапардын жүрүшүндө окутуучулар Андижан мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушуп, билим берүү процесси, заманбап окутуу ыкмалары боюнча пикир алышып, конок лекцияларды өтүштү.
Ошондой эле университеттин материалдык-техникалык базасы, окуу жана илимий лабораториялары менен таанышып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган алдыңкы тажрыйбалар изилденди.
Бул иш-чара эки жогорку окуу жайдын ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө, билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө, келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз.
КӨЭАУ — эл аралык кызматташтыкка ачык, сапаттуу билимге багытталган университет
Коммуникация жана медиа департаменти




