Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети маалыматтык технологиялар тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытында маанилүү кадам таштады. КӨЭАУнун окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева КРнын Жогорку технологиялар паркы жана EPAM Kyrgyzstan менен кызматташтык боюнча меморандумдарга кол койду.
Кол коюлган документтер төмөнкү багыттарда тыгыз өнөктөштүктү өркүндөтүүгө багытталган:
– IT-адистерди заманбап талаптарга ылайык даярдоо;
– билим берүү жана практикалык долбоорлорду биргеликте өнүктүрүү;
– студенттер үчүн стажировка, bootcamp, mentorship сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;
– IT-рыноктогу жаңычыл тренддер боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү.
Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин тажрыйбалуу адистер — Чаначев Алмаз, Нурзат Тынымбек, Канайым Ишенбек жана Дария Арзиевалар менен студенттердин ачык диалогу уюштурулду. Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинин маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасы тарабынан уюштурулган баарлашууда IT-индустриядагы өнүгүүлөр, жаңы талаптар жана келечектеги карьералык мүмкүнчүлүктөр талкууланды.
Жолугушууда кабыл алынган чечимдер КӨЭАУнун IT-компаниялар менен стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдеп, студенттердин кесиптик өсүүсүнө кеңири жол ачары күтүлөт.
Коммуникация жана медиа департаменти





