Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин стартап борборунда иштелип чыккан студенттердин «Бадырак» долбоору мындан ары жеке инвестор Дадабаева Раьонун колдоосу менен каржылана турган болду. Тагыраак айтканда, ЖОЖ + инвестор + студент деп аталган үч тараптуу келишим түзүлүп, стартап долбоору жаңы баскычка чыкты.
Бул демилге студенттин жеке ишкер катары калыптанышына жана чакан өндүрүшүн кеңейтүүсүнө реалдуу мүмкүнчүлүк ачты. Университет студенттерди финансылык сабаттуулук, юридикалык колдоо жана өндүрүш жай менен камсыздап, идеядан бизнеске чейинки жолду толук коштоп берүүнү ниет кылган.
«Бадырак» — билим менен бизнестин ийгиликтүү айкалышынын жандуу мисалы болуп, жаштардын потенциалын ачкан жана келечектеги ишкерлерди тарбиялаган маанилүү кадам болуп калды.
Коммуникация жана медиа департаменти



