Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Алабуга өзгөчө экономикалык аймагынын (Татарстан Республикасы, Россия Федерациясы) башкаруу боюнча адиси Исенова Диана жана аталган аймактын кызматкери Нургүл Кочкорбаеваны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, өндүрүш жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы көп тармактуу маселелер талкууланды. Атап айтканда, Исенова Диана КӨЭАУнун бүтүрүүчүлөрүн, өзгөчө орто кесиптик билим берүүчү колледждердин бүтүрүүчү кыздарын Алабуга өзгөчө экономикалык аймагындагы ишканаларга ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, университет студенттерине аталган аймакта өндүрүштүк практика өтүү сунушун билдирди.
Өз кезегинде ректор Абдилбает Мамасыдыков университет эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө ар дайым даяр экенин белгилеп, кызматташууну расмий негизде бекемдөө максатында эки тараптуу меморандумга кол коюуну сунуштады. Ошондой эле университеттин жана колледждердин студенттерине шарттар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берүү үчүн келерки аптада атайын презентация өткөрүү демилгеси көтөрүлдү.
Мындан сырткары, тараптар Алабуга өзгөчө экономикалык аймагына таанышуу максатында университеттин жетекчилери, окутуучулары жана студенттеринен турган делегация жөнөтүү боюнча да макулдашууга жетишти.
Бул жолугушуу университеттин эл аралык байланыштарын чыңдоого, студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана бүтүрүүчүлөрдү ийгиликтүү ишке орноштурууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Коммуникация жана медиа департаменти



