КӨЭАУ: өндүрүш менен кызматташууну кеңейүүдө

 Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштуулары ЕвроАзия Групп ишканасынын жетекчиси Нуридин Исмаилов менен расмий кызматташуу келишими түзүлдү.
 Келишимдин негизги максаты — университеттин «Механика, энергетика жана дизайн» кафедрасындагы Костюм жана текстиль искусствосу жана Дизайн багыттарында билим алып жаткан бакалавр жана магистр студенттеринин өндүрүштүк жана квалификациялык практикаларын уюштуруу, ошондой эле магистранттардын илимий иштерин өндүрүштө практикалык негизде ишке ашырууга шарт түзүү болуп саналат.
 Кызматташуу алкагында магистратура бөлүмүнүн башчысы, п.и.к., доцент Тилекова Н.Д., кафедра башчысы т.и.к., доцент Эрмекова З.К. жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нармирзаева Ш.А. ишкананын базасында болуп, практиканы түздөн-түз өндүрүштө өткөрүү жана стартап программаларын өнүктүрүү боюнча жол картасын иштеп чыгышты.
 Бул келишим студенттер үчүн реалдуу өндүрүш чөйрөсүндө тажрыйба топтоого, инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
 Бакалавр студенттери жана магистранттар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр — сапаттуу билим жана ийгиликтүү келечек!
Коммуникация жана медиа департаменти