Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы “100-жыл” жеке ооруканасынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы, Чыгыш таануу илимдеринин доктору Кудурет Артыкбаевди расмий кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө университеттин Эл аралык медицина факультети менен мындан аркы кызматташуу багыттары талкууланды. Кыргызстанга болгон иш-сапарынын алкагында Кудурет Артыкбаев КӨЭАУнун Медициналык колледжинин студенттерине конок лекция өтүп берди. Ал лекция учурунда студенттердин активдүүлүгүн, сабакка болгон кызыгуусун жана окутуучулардын тажрыйбасын жогору баалады.
Жыйынтыгында, конок лекцияда өзгөчөлөнүп, мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн беш студентти Түркияга акысыз практикадан өтүүгө жиберүү маселеси ректор тарабынан колдоого алынып, алдын ала макулдашылды.
Ошондой эле, Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен өтө турган эл аралык илимий конференцияга КӨЭАУнун ректору расмий түрдө чакырылды.
Жолугушуунун соңунда ректор, профессор Абдилбает Мамасыдыков расмий конокко илим жана билим жаатында дагы көп ийгиликтерди каалап, калемсапты эстелик белек катары тапшырды.
Коммуникация жана медиа департаменти



