КӨЭАУ: Тазалык — коомго үлгү болчу маданият!

Бүгүн Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кызматкерлери Ош шаарында өтүп жаткан жалпы ишембиликке активдүү катышып, шаардын тазалыгы үчүн өз салымын кошушту.
Иш-чаранын алкагында эмгек жамаат университеттин айланасын жана жол жээктерин санитардык тазалоодон өткөрүп, бак-дарактарды бутап, актап, аймакты таштандылардан арылышты.
КӨЭАУ жамаатынын мындай жигердүү катышуусу айлана-чөйрөнү таза кармоого гана эмес, жаштар арасында экологиялык маданиятты жогорулатууга да чоң салым кошот. Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и кларнет
Возможно, это изображение цветок и костянка
Возможно, это изображение трава и дерево
Нет описания фото.