Кыргыз–Өзбек Эл аралык университети «Кыргыз–Япон» билим берүү фонду менен кызматташат

 Аталган фонддун тең төрагасы Такахара Дайсуке мырза менен фонддун менеджери Токтогонова Алия айымды университеттин окуу иштери боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева кабыл алып, жолугушуу учурунда буга чейин түзүлгөн келишимдин алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерди талкуулады. Ошондой эле мындан аркы кызматташуунун багыттары, биргелешкен долбоорлор жана пландар тууралуу пикир алмашты.
Андан соң фонд өкүлдөрү университеттин Эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү департаментинин директору, доцент Чыңгыз Мамажакып уулу менен биргеликте юридика-экономика факультетинин социалдык адистигинде окуган студенттери менен баарлашты.
Жолугушууда Японияда билим алуу, иштөө жана стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат берилип, студенттер кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.
 Коммуникация жана медиа департаменти