Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети билим берүүнүн сапатын эл аралык стандарттарга ылайык камсыздоо боюнча дагы бир ири жетишкендикке жетишти

 560001. Дарылоо иши (чет элдик студенттер үчүн) жогорку кесиптик билим берүү программасы IAAR агенттиги тарабынан 5 жылдык мөөнөткө эл аралык (EX-ANTE) программалык аккредитациядан ийгиликтүү өттү!
 Аталган билим берүү программасынын ишмердүүлүгүн баалоо WFMO, AMSE, ESG стандарттарынын негизинде жүргүзүлүп, IAAR агенттигинин Аккредитациялык кеңешинин 2025-жылдын 30-октябрындагы отурумунун №98 чечиминин негизинде университетке медициналык багыттагы адистерди даярдоо дүйнөлүк жана европалык талаптарга жооп бергендигин тастыктаган сертификат ыйгарылды.
 IAAR агенттигинин сырткы эксперттик комиссиясынын КӨЭАУнун 560001. Дарылоо иши (чет элдик студенттер үчүн) билим берүү программасын аккредитациялоонун жыйынтыгы боюнча отчету эл аралык DEQAR маалымат базасына жүктөлүп, университеттин эл аралык билим берүү мейкиндигиндеги ордун бекемдейт.
 560001. Дарылоо иши (чет элдик студенттер үчүн) билим берүү программасын көз карандысыз аккредитацияга даярдоо жана өткөрүү университеттин ректору профессор Мамасыдыков Абдилбает Асановичтин жетекчилигинде жүргүзүлүп, Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин кызматкерлеринин, тиешелүү жетекчилердин, Эл аралык медициналык факультетинин жана жалпы жамааттын тынымсыз иш-аракетинин натыйжасы болду.
Бул жетишкендик — университетибиздеги билим берүүнүн сапаты дүйнөлүк стандарттарга шайкеш экендигинин айкын далили!
 КОММУНИКАЦИЯ ЖАНА МЕДИА ДЕПАРТАМЕНТИ