КӨЭАУ ЖАНА ТАЖИКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ: КЫЗМАТТАШТЫК ЖАҢЫ БАСКЫЧТА

 Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган делегация иш сапардын алкагында Тажикстан Республикасынын финансы министри, «Адал кызматы үчүн» медалынын ээси Қаҳҳорзода Файзиддин Саттор менен жолугушуп, билим берүү жана илим тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулады.
Тараптар биргеликте ишке ашыра турган иш-аракеттердин негизги багыттарын аныктады. Натыйжада тараптар ортосунда өз ара кызматташтык боюнча макулдашууларга жетишилип, келишим түзүлдү.
 Министрдин тапшырмасына ылайык, жакынкы мезгилде Тажикстан Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Тажик мамлекеттик финансы-экономикалык университетинин жетекчилиги Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине иш сапары менен келет.
 Тараптар кыргыз-тажик билим берүү жана илимий кызматташтыгын жогорку деңгээлге чыгарууга багытталган биргелешкен иш-чараларды, академиялык алмашууларды, илимий долбоорлорду жана кадрларды даярдоо багытындагы кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашышты.
 Бул жолугушуу эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана аймактык билим берүү мейкиндигин өнүктүрүүгө маанилүү өбөлгө түзөт.
 Коммуникация жана медиа департаменти