Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боенов башында турган делегация менен жолугушуу болуп өттү.
Университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков конокторду жылуу тосуп алып, билим берүү тармагындагы социалдык-экономикалык маселелер, кызматкерлерди колдоо жана биргелешкен өнүктүрүү багыттары боюнча кеңири пикир алмашты.
Жолугушуунун алкагында КӨЭАУнун бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев делегацияны университеттин материалдык-техникалык базасы менен тааныштырып, акыркы жылдары аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары коноктор студенттик стартап борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттердин инновациялык долбоорлоруна жана жетишкен ийгиликтерине өзгөчө кызыгуу менен баа беришти.
Жыйынтыгында төрага Саламат Боенов университетте студенттер үчүн түзүлгөн шарттарды жогору баалап, жамааттын эмгегине ыраазычылыгын билдирди.
Коммуникация жана медиа департаменти



