Кыргызстанда алгачкы жолу кесиптик-техникалык билим берүү боюнча worldskills чемпионаты өткөрүлдү

Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек шаарында колледждер жана кесиптик лицейлер арасында “мода технологиясы”, “ашпозчулук иш”, “ширетүүчү” компетенциялары боюнча аймактык сынактар өттү.
“Мода технологиясы” боюнча сынакка республика боюнча 51 окуу жайы: 9 колледж жана 42 кесиптик лицей катышты. Аймактык чемпионаттын жыйынтыгы боюнча 8 окуу жай тандалып алынып, алар улуттук деңгээлдеги сынакта өз күчүн сынады. Ал эми жыйынтыктоочу сынактын жеңүүчүлөрү Лион шаарында (Франция) 2024-жылдын 10-15-сентябрында өтө турган эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Бул сынакта Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университенинин кесиптик колледжинин КМТШИ9-1-21 студенти Садирова Анжелика II орунду багындырды.
Даярдаган окутуучулар Якубова Гулнара, Маметова Толгонай.