“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата жумалык жарыяланды

КР Президентинин № 270 Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана 23-сентябрь “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасы жумалыктын ачылышын жарыялады.
Жумалыктын алкагында :
1. Мамлекеттик тилди даңазалаган видеобаян даярдап, хештег аркылуу жайылтуу боюнча сынак жарыялоо;
2. «Сабаттуу жазалы» акциясынын негизинде окуу жайдын студенттеринен жат жазуу алуу;
3. ТФФдагы ыр жазган студенттердин автордук ырларынын конкурсун өткөрүү;
4. Чыгармачылык дубал гезиттер;
5. Жалпы факультеттердеги иш кагаздарды, көргөзмөлөрдү карап, жыйынтыгын билдирүү;
6. 23-сентябрь “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата 1 жумалык иш-чаранын жыйынтыгын чыгаруу.