КЫРГЫЗ УЛУТТУК “МАНАС” театры менен эки тараптуу келишим түзүлдү

Бүгүн, Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын директору, Нурбек Талантбеков, акын Эсенбек Кийизбаев Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болушту.
Өнөр адамдарын университеттин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Ректор “Манас” театры менен ар тараптуу кызматташууга, биргелешкен адабий, маданий иш чараларды өткөрүүгө окуу жай дайыма даяр экенин баса белгиледи.
Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын директору театрдын бүгүнкү күндөгү жасап жаткан иштерине кенен токтолуп, окуу жайдын таланттары менен биргелешкен иш чараларды уюштурууга кызыктар экенин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки тарап кызматташуу келишимине кол коюшту.
Андан соң ректор конокторду окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен жакындан тааныштырып чыкты.