Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдык мааракесине арналган салтанаттын сый конокторун окуу жайдын жамааты майрамдык маанайда тосуп алышты.
Каттоодон өткөн коноктор факультеттер тарабынан даярдалган көргөзмө менен таанышып чыгышты. Көргөзмөдөн кийин алыс-жакындан келген маараке катышуучуларын уңгудан уланган наркты улап, университет улуттук негизде даярдалган даскторконун жайды.
Университеттин 30 жылдыгына арналган форумдун пленардык жыйыны ачылганга чейин университеттин өнүгүү жолун, тарыхын чагылдырган теле баян көрсөтүлдү.
Андан соң Кыргыз Республикасынын гимни ырдалды. Ага улай эле КР Өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары , жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана сый коноктордун куттуктоо сөздөрүнө кезек берилди.
Жогорку бийлик өкүлдөрү, өлкөбүздө адистик билим берүү ишмердигин жүргүзүп жаткан ЖОЖ жетекчилери, жакынкы чет өлкөлөрдөн келген коноктор салтанаттуу иш чарага офлайн форматында катышууда. Ал эми алыскы чет өлкөрлөрдүн өкүлдөрү үчүн онлайн форматында катышуусу менен форумдун иши кызуу уланууда.