Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович КӨЭАУнун Ала-Бука кесиптик колледжинин окутуучуларын кабыл алды.

Жолугуушуда аталган колледждин директору Кожобекова Гүлкайыр Муратовна Ала-Бука кесиптик колледжиндеги бир жыл ичинде аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер тууралуу маалымат берди.
КӨЭАУнун ректору, профессор А.А.Мамасыдыков Ала-Бука кесиптик колледжи Кыргызстандын түштүк регионунда анын ичинде Ала-Бука, Чаткал, Аксы райондорундагы мектептер үчүн заман талабына жооп берген мугалимдерди даярдап чыгарып жаткандыгына токтолуп, университет Ала-Бука кесиптик колледжинин ишмердүүлүгүн ар тараптан колдоп тураарын баса белгиледи.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Бука кесиптик колледжи бүгүнкү күндө финансы (тармактар боюнча), башталгыч класстарды окутуу, мектепке чейинки билим берүү, автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо (ПОВТАС), чет тили адистиктери боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Жалпы 19 мугалим эмгектенет. Алардын ичинде илимдин кандидаты, доцент, КРнын эмгек сиңирген мугалими , 5 ага окутуучу бар.
#Эскертүү: Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин баракчасына достук жибергендер үчүн бош орун калбай калды. Андыктан фейсбук-баракчабыздын башкы бетиндеги “ПОДПИСАТЬСЯ” баскычы аркылуу катталсаңыздар болот.