КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков “Кыргызстандын мыкты студенти-2023” Республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү менен жолукту.

Жолугушууда студенттердин жараткан ийгиликтери менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Ошону менен бирге университетте билимде, илимде, спортто, коомдук иштерде ийгиликтерди жаратып келе жаткан студенттер көп экенине токтолду.
Белгилей кетсек Бишкек шаарында “Кыргызстандын мыкты студенти-2023” республикалык сынагы уюштурулуп, мында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 9 студенти жеңүүчү болгон.
Өлкөнүн мыкты студенттерин сыйлоо сынагы коомдук ишмер Аскар Салымбеков, Кыргызстан жаштарынын конгресси жана, бир канча коомдук фонддору тарабынан демилгеленип уюштурулуп келет.