Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетине Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулу Зафарбек Ахмедовдун жетекчилиги менен «Өзбекстан-24» телеканалынын чыгармачыл тобу иш сапары менен келди.
Расмий конокторду окуу жайдын ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган окумуштуулар жамааты салтанаттуу тосуп алышты. Меймандар улуттук салтына ылайык нан менен урмат-сый көрсөтүлүп кабыл алынды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Абдилбает Мамасыдыков университеттин эл аралык билим берүү мекемеси экендигин белгилеп, окуу жай Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө өзгөчө салым кошуп келе жатканын айтты. Ошондой эле университет эки элдин ынтымагын чыңдоодогу ролу үчүн «Достук» ордени менен сыйлангандыгын белгиледи.
Өз кезегинде Башкы консул Зафарбек Ахмедов Ош элинин меймандостугун жогору баалап, Кыргыз–Өзбек Эл аралык университети эки элдин маданий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи.
Сапардын негизги максаты — Борбор Азия аймагындагы элдердин достугу, өз ара кызматташтыгы жана маданий байланышын чагылдырган репортаждар сериясын жана даректүү тасма даярдоо болуп саналат.
Сапардын алкагында «Өзбекстан-24» телеканалынын чыгармачыл тобу университеттин окуу, лабораториялык базасы, маданий борборлору, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки элдин достугун бекемдөөгө кошуп жаткан салымы тууралуу атайын материалдарды даярдап, маектерди жаздырды. Ошондой эле кыргыз – өзбек достугунун түбөлүк сакталышынын символу катары көчөт отургузуу иш-чарасына катышты.
Эскерте кетсек, бул медиа долбоор аймактагы элдердин ортосундагы достукту, маданий жакындашууну жана билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү дагы да чыңдоого багытталган.
Коммуникация жана медиа департаменти




