Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде Бириккен кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрүнүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде уюштуруу маселелери, комитеттин 2025-жылы аткарган иштеринин жыйынтыгы, текшерүү комиссиясынын отчету жана ар түрдүү маселелер каралды.
Жыйын уюштуруу маселелерин талкуулоо менен башталып, андан соң Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ш.М.Эгембердиев 2025-жылы аткарылган иштер боюнча кеңири эсеп-кысап берди. Анда кызматкерлердин социалдык кызыкчылыктарын коргоо, иш шарттарын жакшыртуу, маданий жана социалдык иш-чараларды уюштуруу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматтар берилди.
Кийинки сөз Бириккен кесиптик бирлик комитетинин текшерүү комиссиясына берилди. Комиссиянын төрагасы Алтынбек Зулпукаров жана мүчөсү Чолпонай Абдулдаева катышып, 2025-жыл ичинде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы сунушталды. Комиссиянын отчетун Чолпонай Абдулдаева баяндап берди.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан баяндамачыларга суроолор берилип, сунуш-пикирлер айтылып, маселелер кеңири талкууланды. Жыйынга комитеттин мүчөсү, Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, филология илимдеринин кандидаты, доцент Сыргак Сарыков да катышып, өз сунуштарын билдирди.
Жыйындын жыйынтыгында Бириккен кесиптик бирлик комитетинин 2025-жылы аткарган иштеринин эсеп-кысабы канааттандырарлык деп табылып, текшерүү комиссиясынын 2025-жыл үчүн берген отчету бекитилди. Ошондой эле “Ар түрдүү маселелер” бөлүгүндө бир катар актуалдуу маселелер каралып, тиешелүү маалыматтар берилди.
Коммуникация жана медиа департаменти



