КӨЭАУда Германиялык “ExSoil” долбоорунун алкагында илимий изилдөөлөр жүргүзүлүүдө

 Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин окумуштуулары Германиядагы Лейбница Ганновер университетинин окумуштуулары менен бирге 23-мартка чейин Германиянын “ExSoil” аттуу эл аралык илимий долбоорунун алкагында изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Бул долбоор Борбор Азия өлкөлөрү жана Монголиядагы топурактын абалын, экологиялык өзгөчөлүктөрүн жана туруктуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө багытталган.
 Долбоордун алкагында КӨЭАУнун профессору, айыл чарба илимдеринин доктору Э.А.Смаилов жана биология илимдиренин доктору, профессор Ж.Т.Самиева Лейбница Ганновер университетинин профессору Георг Гугенбергер, профессор O.Б.Шибистова жана 3 бакалавр студенти менен бирге Ош облусунун Салам-Алик жана Кара-Шоро аймактарындагы күрүч талааларында жана жаңгак токойлорунда илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, топурактын курамы, экологиялык абалы жана агроэкосистемалардын туруктуулугу боюнча маалыматтарды топтошууда.
 Бул кызматташтык университеттер аралык илимий байланыштарды чыңдоого, жаш изилдөөчүлөрдүн тажрыйба алмашуусуна жана Кыргызстандын табигый ресурстарын илимий негизде изилдөөгө чоң салым кошот.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение дерево
Возможно, это изображение костянка
Возможно, это изображение один или несколько человек, кларнет и дерево
Возможно, это изображение костянка