КӨЭАУда октябрь айынын кеңейтилген административдик кеңеши өттү

Бүгүн Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде окуу иштери боюнча проректор, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаеванын жетекчилиги алдында кеңейтилген административдик кеңештин отуруму болуп өттү.

Жыйында проректорлор жана директорлор сентябрь айындагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, октябрь айынын иш-пландарын сунушташты.
Профессор Аида Балтабаева өз сөзүндө 13-октябрдан тартып жумуш сааты 08:30дан башталарын, студенттердин сабакка катышуусун көзөмөлдөө күчөтүлөрүн жана ноябрь айында факультеттердин декандарын шайлоо өтөрүн белгилеп өттү.

Ошондой эле Кадрлар бөлүмүнүн башчысы Аида Жаманкулова 16, 26, 36, 46 жана 56 жаштагылар үчүн жүргүзүлүп жаткан акысыз эмдөөгө катышуу солгун жүрүп атканын, бул багытта ишти жандандыруу керектигин баса белгиледи.
📍 Админ.кеңештин курамы билим, илим, тарбия жана эл аралык кызматташтык багытында сентябрь айында аткарылган иштерди оң баалап, ишмердүүлүктү мындан ары да системалуу түрдө уланта берүү зарылдыгын кабыл алышты.

Коммуникация жана медиа департаменти