12-март күнү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруунун алкагында Илимий-техникалык кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынга кеңештин мүчөлөрү, факультеттердин декандарынын илимий иштер боюнча орун басарлары, кафедра башчылары жана университеттин жаш окумуштуулары катышты.
Жыйында коомдун туруктуу өнүгүүсү, улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, илимдин коомдук турмушка тийгизген таасири сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле Конституциянын идеологиялык мааниси, кыргыз коомунун өнүгүүсүндөгү даанышмандардын ролу жана коомдук өнүгүүнүн илимий негиздери боюнча кеңири пикир алмашуулар болду.
Талкуунун жыйынтыгында “Кыргыз ренессансы” чыгармачылык интеллигенциясынын улуттук форумунун кийинки этабына сунушталуучу талапкерлер аныкталды.
Жыйын соңунда илим тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча сунуштар кабыл алынып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Бул демилгелер улуттук баалуулуктарды бекемдөө жана илим менен билимдин коомдогу ролун жогорулатууга багытталган.
Коммуникация жана медиа департаменти



