Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин кызматкерлери жана студенттери Ош шаарында өткөрүлгөн жалпы шаардык ишембиликке активдүү катышты.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл мурас” жарлыгына ылайык уюштурулган жазгы үч айлыктын алкагында өткөрүлүп, анын негизги максаты – шаардын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү, жашыл бак-дарактардын санын көбөйтүү жана жаратылышты коргоого коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.
Университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков мындай демилгелер жаштарды экологиялык маданиятка тарбиялоого, коомдук жоопкерчиликти жогорулатууга жана таза айлана-чөйрөнү сактоого чоң өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Эмгек жамаат окуу жайдын аймагын жана ага чектеш көчөлөрдү тазалап, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле аймактарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо багытындагы иштерге өз салымдарын кошушту.
Коммуникация жана медиа департаменти



