2024-жылдын 12-ноябрында Өзбекстан Республикасынын Андижан курулуш жана экономика институтунда өткүрүлгөн «Креативдүү изилдөөлөр жана инновациялар: жаңы Өзбекстан жана дүйнөлүк тажырыйба» аталышындагы эл аралык илимий форумга магистратура бөлүмүнүн башчысы п.и.к., доцент Н.Д.Тилекова жетектеген окутууучулардан жана студенттерден турган делегация катышып келишти.
Форумда студенттер баяндама жасап, алар жаңы идеялардын жаралышына, актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана жаңы демилгелерди алдыга жылдырууга чоң мүмкүнчүлүк жаралганын билдиришти.Жыйынтыктап айтканда форум ийгиликтүү өтүп, соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Окутуучулардын жана студенттердин эл аралык форумга катышып келүүсү эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор, ф.и.д., профессор Балтабаева Аида Тынайбековнанын демилгеси менен ишке ашырылды.
Поделиться