КӨЭАУнун студенттери “Шайыр тапкычтар” сынагында 1-орунду багындырды

2023-жылдын 1-декабрь күнү Ош шаарындагы ЖОЖдордун студенттери арасында Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультети тарабынан уюштурулган 26-ноябрь «Бүткүл дүйнөлүк маалыматташтыруу» күнүнө карата «Ким маалыматты көп билсе, ал дүйнөнү башкарат» аттуу «Шайыр тапкычтар” (ШТК-КВН) сынагы болуп өттү.
Аталган сынакта Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин «Достук» командасы баш байгени багындырып, I даражадагы диплом, баалуу белектердин ээси болду.
«Достук» командасынын баш байгеге жетүүсүнө табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин (ТПМТФ) информатика жана окутуунун усулу (ИОУ) кафедрасынын окутуучулары Акназар уулу Кадырбек, Бердибай уулу Залкарбек, Таалайбек уулу Кудайберди агайлардын салымдары зор экенин ТПМТФнын деканы Жумагүл Кеңешовна билдирди.