КӨЭАУ Ташкент прикладдык илимдер университети менен кызматташат

10-декабрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарындагы Ташкент прикладдык илимдер университетинде болду.
Иш сапарынын алкагында ректор Абдилбает Мамасыдыков Ташкент прикладдык илимдер университетинин ректору Абдусалом Умаров менен жолугушуп, академиялык мобилдүүлүк, илимий иштер, эл аралык долбоорлордо биргеликте кызматташуу, конференцияларды уюштуруу туурасында макулдашып, эки тараптуу эл аралык кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
Белгилей кетсек Ташкент прикладдык илимдер университети Өзбекстандагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарын толуктайт, анда 27 миңдин тегерегинде студент билим алып, 700дөн ашуун профессордук-окутуучулар курамы эмгектенет.