КӨЭАУнун магистри Москва шаарында өткөн эл аралык семинарга катышты

 2025-жылдын декабрь айында Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн жаштары үчүн «Экинчи дүйнөлүк согушту эскерүү жана анын сабактары» аттуу эл аралык семинар болуп өттү.
 Бул эл аралык семинарга Кыргызстандан Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых жана философия кафедрасынын СЭО(И)м-25 тайпасынын магистранты Аматова Фатима активдүү катышып келди.
 Иш-чаранын негизги максаты — КМШ өлкөлөрүнүн жаш лидерлерин Экинчи дүйнөлүк согуш жана Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тарыхый эстеликтерди сактоо маселелери боюнча диалогго тартуу, бул багыттагы жаштардын демилгелерин колдоо жана бекемдөө болду. Семинар КМШ мамлекеттеринин 2021–2030-жылдарга карата Эл аралык жаштар кызматташтыгы стратегиясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
 Семинар совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 80 жылдыгына арналып, ага Армения, Беларусь, Кыргызстан, Молдова (Приднестровье Молдав Республикасы), Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 40ка жакын жаштар лидерлери катышты. Алардын арасында жаштар жана студенттик коомдук уюмдардын өкүлдөрү, патриоттук борборлордун мүчөлөрү, жаштар саясаты боюнча адистер, жаш мугалимдер жана тарыхчылар болду.
 Программа алкагында Жеңиш музейинин Академиясынын, Россиянын тарых коомуна караштуу адистердин, ошондой эле Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскердик академиясынын эксперттеринин лекциялары, тематикалык тренингдер жана мастер-класстар уюштурулду. Катышуучулар Жеңиш музейине жана «Патриот» паркындагы «Эстелик жолу» музейдик комплексине да барышты.
 Семинардын жүрүшүндө КМШ аймагында Экинчи дүйнөлүк согуш жана Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тарыхый эстеликтерди сактоого багытталган бир катар долбоордук демилгелер иштелип чыкты.
 Семинар жаштардын тарыхый эс тутумга болгон жоопкерчилигин арттырып, элдердин достугун жана биримдигин чыңдоого багытталган маанилүү эл аралык аянтча катары өз маңызын көрсөттү.
 Коммуникация жана медиа департаменти
*****