Масленица майрамы белгиленди

Бүгүн, 6-март күнү тарых-филология факультетинин орус филологиясы кафедрасы тарабынан Масленица майрамы өткөрүлдү. Аталган иш чарага университеттин ректору, э.и.д., профессор А.А.Мамасыдыков жана ишмердүүлүктүн багыттары боюнча проректорлор, структуралык түзүмдүн жетекчилери катышышты.
Масленица майрамы ыр, бий жана кызыктуу оюндар менен коштолду. Ошондой эле Масленица майрамынын традициялык атрибуттары болгон блинчиктер жалпы көрүүчүлөргө, келген конокторго таратылды.
Иш чаранын соңунда университеттин ректору, профессор Абдилбает Асанович тарых-филология факультетинин деканы, доцент Ж.Каденовага, орус филологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Р.В.Алиевага жана жалпы уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, окуп жаткан тилдин маданиятын, каада-салт, үрп адатын билбей туруп, ал тилди толук кандуу үйрөнүүгө мүмкүн эмес экенине токтолду.
Белгилей кетсек, Масленица – дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө майрамдалган, байыркы жана шаңдуу майрамдардын бири болуп эсептелет.