Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Коммуникация жана медиа департаментинин жетекчилиги Жаштар комитетинин медиага шыктуу студенттери менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда департамент директору Тургунбай Алдакулов жана акын, котормочу, пресс-катчы Маматибраим Жаныбековдор медиа мейкиндиктеги ишмердүүлүк, маалымат менен иштөө маданияты жана фейк маалыматтардан коргонуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.
Иш-чара эркин жана жандуу талкуу форматында өтүп, жаштар медиа боюнча суроолоруна жооп алышып, өз ойлорун ортого салышты.
“Медиа сабаттуулук — ар бир жаран үчүн маанилүү көндүм. Бул багыттагы иштер мындан ары да уланмакчы. Медиада иштөөгө кызыккан студенттер үчүн медиа клуб түзүлүп атат. Келгиле, силердин талантыңарды баалай турган чөйрөгө мүчө болгула, журналистикага кызыккан бардык студенттер үчүн эшик ачык”, деди Т.Алдакулов.
Коммуникация жана медиа департаменти