Эл аралык кызматташтык — сапаттуу билимдин кепилдиги

 8–12-декабрь күндөрү Наманган мамлекеттик университетинен келген өкүлдөр эки тараптуу меморандумдун алкагында Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде окуу-усулдук жана илимий иш сапары менен болуп кетишти.
 Иш сапардын алгачкы күнү НМУнун делегациясын КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор А.Мамасыдыков кабыл алып, меймандар университеттин окуу корпустары жана материалдык-техникалык базасы менен таанышышты.
 Бир жумалык иш сапардын алкагында НМУнун окутуучулары: биология илимдеринин кандидаты, доцент Отабек Имомов, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Аъзамжон Набиев жана химик, докторант Мухаммадрасул Махмудовдор Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинде конок лекцияларды өтүп, окутуучулардын ачык сабактарына катышышты.
Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында НМУнун биология багытындагы – 15 студент, химия багытындагы – 14 студент жана физика багытындагы – 16 студент КӨЭАУнун тиешелүү тайпаларына кошулуп, сабактарга активдүү катышышты.
 10-декабрь күнү делегация академик Бектемир Мурзубраимовдун 85 жылдык юбилейине арналган Эл аралык илимий семинарга катышып, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп, көрүнүктүү илимпоздун өрнөктүү өмүр жолунан чоң таасир алышканын билдиришти.
ИТТПФнын тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары И.Сулайманов активист студенттер менен биргеликте меймандарды Сулайман-Тоо тарыхый-маданий комплексине экскурсияга алып чыгышты.
 Иш сапардын соңунда КӨЭАУнун жетекчилиги тарабынан НМУнун окутуучуларына конок лекцияларды өтүшкөндүгү үчүн сертификаттар жана ыраазычылык баракчалар, ал эми студенттерине ТИОУ кафедрасынын башчысы Н.Урайымов жана ФМОУ кафедрасынын башчысы Ш.Хаитовдор тарабынан эстелик белектер тапшырылды.
 Бул иш сапар эки университеттин ортосундагы илимий-билим берүү кызматташтыгын дагы да бекемдеп, академиялык тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
 Коммуникация жана медиа департаменти