Келечектин окумуштуулары” эл аралык долбоору КӨЭАУда уланууда

Бүгүн, 29-октябрь күнү, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде илим менен билимди айкалыштырган масштабдуу иш-чара өттү.
Бул иш-чара Москвадагы А. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институту ишке ашырып жаткан “Келечектин окумуштуулары” эл аралык долбоорунун алкагында КӨЭАУнун Тарых-филология факультетинин демилгеси менен уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында аталган институттун даярдоо факультетинин деканы Галина Купцова “Орус тили тилдердин диалогунда” аттуу мазмундуу лекция окуду. Катышуучулар түрк дүйнөсүндөгү тилдик иденттүүлүк, тилдердин тарыхый байланыштары, өзгөчө якут–кыргыз тилдик байланыштарынын табияты тууралуу кызыктуу илимий ой-пикирлерди угушту.
Ошондой эле Мария Милованова жана Алексей Антипов жасалма интеллект жана чоң маалыматтарга негизделген тилди сактоо технологиялары тууралуу инновациялык презентацияларды сунушташты. Ал эми Елена Петривняя “Улуттук мүнөздүн алиппеси” жана “Пушкин жомокторундагы түс жана жарык” темасындагы чыгармачыл мастер-класстарды өткөрүп, адабият менен маданияттын өз ара байланышын жаңыча көз карашта түшүндүрүп берди.
Катышуучулар викториналарга, практикалык тапшырмаларга катышуу аркылуу өз билимдерин бекемдеп, жаңы илимий изденүүлөргө шыктануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Бул долбоор Орусиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги жана Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен ишке ашып, ага элүүдөн ашуун белгилүү окумуштуулар жана эксперттер тартылган. Алардын илимий сапары Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Армения жана Казакстан өлкөлөрүндө уланмакчы.
Коммуникация жана медиа департаменти