КӨЭАУ менен РТСУ ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлду

 Б.Сыдыков атындагы Кыргыз – Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков жана илим жана инновациялар боюнча проректор, экономика илимдеринин доктору, профессор Алмаз Атабеков Тажикстан Республикасына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Дүйшөмбү шаарында жайгашкан Россия–Тажик (Славян) университетинин (РТСУ) ректору, профессор Илхомуддин Иброхимзоданын кабыл алуусунда болуп, кадр даярдоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу келишимине кол коюшту.
 Тараптар бул Меморандум эки университеттин ортосундагы узак мөөнөттүү жана натыйжалуу өнөктөштүктү чыңдап, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана студенттер менен окутуучулардын кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
 Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара сый-урматтын белгиси катары эстелик белектерди тапшырып, келечекте кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
 КӨЭАУнун ректору, профессор А.Мамасыдыков баштаган делегация андан ары Дүйшөнбү шаарындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Файзализода Бахрулло Файзали менен жолугушуп, кызматташуу багыттарын макулдашты. Атап айтканда, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, академиялык мобилдүүлүк, конок лекцияларды, курстарды уюштуруу демилгелери талкууланды.
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Ош шаарындагы алдыңкы мамлекеттик жогорку окуу жайлардын бири болуп саналат. 30 жылдан ашуун убакыттан бери КӨЭАУ Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыктын маанилүү борбору катары ишмердүүлүк жүргүзүп келет.
Коммуникация жана медиа департаменти