Мөөнөтү аяктаган билим берүү программалары аккредитациядан өтөт

Бүгүн, 13-сентябрда “Билим-Стандарт” көз карандысыз аккредитациялык агенттигинин директору Эсентаев Эрик Аскарбекович Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болду.
Эрик Аскарбекович университеттеги мөөнөтү аяктаган билим берүү программаларын аккредитациядан өткөрүү үчүн окуу жайдын жамаатына үйрөтүүчү семинар өтүп берди. Семинарда аталган аккредитациялык агенттикке тийиштүү маалыматтар берилип, суроо-жооптор менен бекемделди.
Семинардын соңунда Эсентаев Эрик Аскарбекович окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Асановичтин кабыл алуусунда болду. Мында көз карандысыз аккредитацидан өтүүдөгү стандарттар жана критерийлер боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.