Бүгүн, 14-октябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тиешелүү кызматкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде укуктук тарбияны чыңдоого багытталган жыйын болуп өттү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жөнүндөгү Президенттин жарлыгы жөнүндө маалымат берилип, мамлекеттик мекеме, ишканалардын кызматкерлеринин шайлоо учурунда эске алышы керек болгон тиешелүү укук-милдеттери эскертилди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү» Мыйзамынын алкагында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана себептерин жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында шайлоого жана коррупцияга каршы күрөштүн мааниси түшүндүрүлүп, катышуучулардын жарандык жоопкерчилик сезимин бекемдөөгө өбөлгө түзүлдү.